Чүй дарыясында жапыр кырылган балыктар: Айыл чарба министрлиги анализдин жыйынтыгын айтты

Балыктар жапырт кырылган Чүй дарыясынан алынган суунун анализи уулануунун белгилери жок экенин көрсөттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, буга чейин министрликтин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүсүн алышкан болчу.

«Бүгүнкү күндө текшерилген балыктардан паразитологиялык ооруулар аныкталган жок. Ошондой эле, суунун курамында мышьяк, нитрат, нитрит сыяктуу уулу заттар болгон эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Чүй дарыясында балыктар жапырт кырылганы тууралуу маалымат тараган. Эртеси күнү Айыл чарба министрлиги окуя боюнча текшерүү ишин баштаган.

«Өлгөн балыктардын калдыктары төмөнкү Чүйдөн түшкөн агындылардан байкалган. Балыктардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга өткөрүлүп берилди. Жыйынтыгы үч күндөн кийин белгилүү болот», — деп белгилешкен министрликтен.

Айыл чарба министрлигинен балыктардын эмнеден өлүп жатканы так аныкталгыча тургундарды балык уулабай, этин пайдаланбай турууга чакырышкан. Ал эми жергиликтүү тургундар балыктардын кырылышын сугат учурунда уулу заттар колдонулушу себеп болууда деп божомолдошкон.