Москва районунда соцтүйүндөрдө кастыкты козутууга шектелген адам кармалды

Чүй облусунун Москва райондук милициясы диний кастыкты козутууга шектелген адамды кармады. Бул тууралуу 22-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБ

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү жергиликтүү тургундун арызынын негизинде кармалган. Арыз жазган аял шектүү киши көптөн бери диний жана социалдык темадагы постторду жазып жүргөн, мындан улам үй-бүлөсүнө коркунуч туулганын билдирген.

Чүй ОИИБнен шектүүнүн постторунун экспертизасы аларда коом менен салттык диндин ортосунда кастыкты козутуунун белгилерин көрсөткөнүн кошумчалашты.

Шектүү 20-майда кармалып, «Рассалык, этникалык, улуттук, диний кастыкты козутуу» беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Автору: Нуриза Уланбек кызы