Салык кызматы 18-майда: Ишкерлер май айынан тартып счет-фактура жазууга милдеттүү

Мамлекеттик салык кызматы 18-май күнү расмий сайтына ишкерлер, анын ичинде жеке ишкерлер, патент менен иштегендер 2023-жылдын май айынан тартып электрондук счет-фактура (ЭСФ) колдонууга тийиш деп билдирди.

Мекемеден, мындай талап Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтомунда жазылганын эскертишти.

«Бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык тутумуна катталып, ЭСФ толтурууга тийиш», — деп айтылат билдирүүдө.

ЭСФ берилбей турган болсо жеке тараптар 10 миң сом, юридикалык жактар 28 миң сом айып төлөйт. Бул милдеттемени биринчи жолу аткарбаган учурда, салык же камсыздандыруу төлөмүндө карызы жок болсо, айыпты 30 күндүн ичинде төксө 70% жеңилдик каралган.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, кассалык-көзөмөл аппараттарын (ККМ) колдонгондор, патенттин негизинде салык төлөгөндөр же жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган, бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставка колдонгондор ЭСФ толтурууга милдеттүү эмес.

ЭСФ — ишкерлер товар же кызматын аткаргандан кийин толтура турган электрондук документ. ЭСФ толтурулгандан кийин салык кызматынын атайын сайтында аны ишкердин кызматын пайдаланган же товар буйрутма кылган компания кабыл алышы керек.

Ал эми ЭСФ толтуруучу кабинетке кирүү үчүн булуттуу санарип кол тамга алууга тийиш. Андай кол тамга өлкөдөгү ири Калкты тейлөө борборлорунда берилет. Кол тамганы онлайн алуу мүмкүн эмес. Ал тургай, электрондук кол тамганын эскирүү мөөнөтү бар, аны бир жылдан кийин кайрадан КТБга барып жаңылоо керек.

Салык кызматынын салык төлөө жеңилдетилди деген билдирүүсүнө карабай, ишкерлер буга чейин бир нече жолу митингге чыгып, ККМ жана ЭСФге каршылыгын билдиришкен.

Андан тышкары, ишкерлер товардык-транспорттук коштомо барагын (ЭТТН) киргизүүгө каршы чыгышкан. Жыйынтыгында салык кызматы кыйынчылыктардан улам 2023-жылы ЭТТН колдонбогон ишкерлерди жазадан бошотууну чечкен.