«Акнеттин» иши: Сот провайдердин негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновду жети жылга кести

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Акнет» интернет провайдеринин негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновду жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» соттун басма сөз кызматына таянып жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, 4-апрелдеги отурумда Ажимудинов «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде күнөөлү деп табылды.

«Акнеттин» негиздөөчүсү салыкты төлөөдөн качуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча да күнөөлү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулду.

Кубан Ажимудинов. Сүрөт: «Азаттык»

Мындан тышкары, Ажимудинов «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу», «Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Документтердин жасалмасы» беренелери боюнча акталды.

24.kg басылмасы билдиргендей, Ажимудинов сот залынан камакка алынды.
Анын 2019-жылдын май айынан 2021-жылдын апрелине чейин абакта отурган дээрлик эки жылынын ар бир күнү жаза мөөнөтүндө эки күн деп эсептелип кошулду.

«Акнеттин» иши

Акнеттин башчысы Кубан Ажимудинов 2019-жылдын майында кармалган. Ага чейин Финпол «Акнеттин» кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компанияда 150 млн сом салыкты төлөөдөн качуу фактысын аныктаган.Компания муну «рейдерлик басып алуу» деп атап, «Акнеттин» кабелдик телевидениеси менен интернети начар иштей баштаган. Андан соң соцтүйүндөрдө Финполдун кызматкер делген адам «Акнеттин» кызматкеринен акча талап кылып жаткан видео тараган.

Анда «Акнеттин» коммерциялык директору Руслан Абдымажитов Финполго компаниянын ишмердигин текшерүү боюнча арыз жазып кайрылганын айткан. Ал экс-өнөктөштөрүн кирешени аз көрсөтүү, салык төлөөдөн качуу жана акционерлерге дивиденддерди төлөбөй коюу жана башка мыйзам бузууларга айыптаган.

2019-жылы Финпол Ажимудинов тарабынан жалпы 616 млн 816 миң сомдук салык төлөөдөн качуу жана кассага жалпы суммасы 384 млн 901 миң сомду мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана кириштебей коюу жолу менен аны коротуу жана өзүнө кымырып алуу боюнча кошумча фактыларды аныктаган.