Президенттик оркестрден кеткен музыканттар биринчи концертин беришти

«Манас» президенттик камералык оркестринен кеткен артисттер «Ойно» деп атлган жаңы оркестр түзүп, 19-майда Бишкекте биринчи концертин беришти. Бул тууралуу оркестр өзүнүн Инстаграмдагы барагында билдирди.

«Ойно» оркестринин биринчи концерти Филармониянын кичи залында өтүп, зал толо көрүүчү чогултту.

«Бул кечте биз менен болгон ар бир көрүүчүгө ыраазычылык билдиребиз. Жакында сиздер менен кайрадан көрүшөбүз», — деп жазышты оркестрдин барагына.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от OINO orchestra (@oino_orchestra)

«Ойно» оркестри жакында гана түзүлгөн. Ага буга чейин «Манас» президенттик оркестринен оркестрдин администрациясы менен келишпестиктен улам иштен бошоп кеткен артисттер кирген.

Оркестрдин көркөм жетекчиси жана дирижёр Эрнис Асаналиев артисттерди чыгармачыл адамдар чыдагыс шарттарга кептеп коюшканын айткан болчу.

Асаналиев оркестрдин көркөм жетекчиси бойдон калууда.

«Манас» президенттик камералык оркестри президенттин иш башкармалыгына карайт. Ал 1999-жылы түзүлүп, 2001-жылдын 4-апрелинде «Президенттик» деген макам алган.

Оркестрди скрипач, Кыргызстандын Эл артисти, Улуттук Консерваториянын доценти Эрнис Асаналиев негиздеген.