Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигин сынга алып, ишти жолго коюга «акыркы мүмкүнчүлүк» берди

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ведомство жетекчилиги менен болгон жолугушууда Айыл чарба министрлигинин ишин сындады. Бул тууралуу минкабдын сайтында айтылат.

Жапаров өлкөнүн агрардык мүмкүнчүлүгү чоң экенине карабастан Кыргызстан айыл чарбанын бардык тармагы боюнча артта калып жатат деп билдирди. Ал Айыл чарба министрлигинин жетекчилигинин ишмердүүлүгүн сентябрь айында кайра текшерип, тиешелүү баа берилет деп эскертти.

«Сиздерге министрликтин ишин оңдоп, “жолго коюуга” акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатат, бирок сентябрда сезилерлик жыйынтыктарды көрбөсөк, ведомствого караштуу мекемелердин бардык жетекчилери, министрдин орун басарларына чейин ээлеген кызматтарынан бошотулат», — деди минкабдын башчысы.

Ошондой эле ал 2022-жылы айыл чарбасын каржылоого 26 млрд сом бөлүнгөнүн, ал эми быйыл 20 млрд сом каралганын, бирок реалдуу жыйынтык жоктугун белгиледи. Минкабдын башчысынын пикиринде, министрликтин ишин «толугу менен карап чыгуу керек».

«Кайсы жерде болбосун, бардык жерде: балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө “кемчилик” бар. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады. Мурда министрлик иштин натыйжасы жоктугунун бирден-бир себебин каржылык ресурстардын жетишсиздиги деп атаса, азыр бул көйгөй жок, бирок иш кандай турсу, ошол бойдон турат. Кыймылдагыла, азыр убакыт бизге каршы иштеп жатат», — деди Жапаров.

Ошондой эле минкабдын башчысы министрликтин «Орусия тарабынан айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча» ишин сынга алды.

«Эмне үчүн мындай абалга жол бердиңиз, лабораториялар эмне кылып жатышат? Аларды тиешелүү реактивдер менен камсыз кылуу, заманбап технологиялар менен жабдуу зарыл, сиздерде финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөсүн баккан дыйкандар кыйналып жатканын түшүнөсүңөрбү?» — деп суроо салды Жапаров.

Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеш Айыл чарба министрлигинин, анын ичинде айыл чарба тармагындагы иштерди сындагандан кийин гана отчёт алып жатат. Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев минкабдын башчысын отставкага кетирүү маселесин көтөргөн.
Депутат Акылбек Жапаровдын эки жылдык төрагалыгында Кыргызстанда эч кандай жылыш боло электигин белгилеген.

«Ошон үчүн мына күзүндө көрөбүз, эки жылдан бери убадаларынын баары бар, интернет деген жазып коёт экен, гугл деген бар, бардык айткан нерселерди карап, угуп отурабыз. Иштесе иштеп, тартипке келсе келсин да, иштебесе анда жыйыштыргыла да [ишиңерди], [элди] кыйнабай», — деген депутат.

Акыркы бир ай ичинде министрлер кабинетинин жана анын төрагасы Акылбек Жапаровдун иши парламентте экинчи жолу сынга алынды. Буга чейин минкабдын ишин оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров сынга алып, аны отставкага кетирүүнү сунуштаган.

Мадумаровду Конституциянын пенсия жана жөлөкпулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек деген беренелеринин бири аткарылбай жатканы нааразы кылган. Анткен менен Конституциялык сот муну «мамлекеттин түздөн-түз милдети катары түшүнүүгө болбойт» деген корутунду чыгарган. Ал эми кийинчирээк Жогорку Кеңеш Мадумаровдун минкабды отставкага кетирүү сунушун четке каккан.