Бир кадр менен: Садыр Жапаров кайрадан Москвага келди

Президент Садыр-Жапаров 24-майда II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу президенттин сайты билдирди.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

«Мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат», — деп билдирди басма сөз кызмат.

Президенттин администрациясы 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын маселелерин талкуулап, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышарын кошумчалады.

Бул Садыр Жапаровдун акыркы айда Орусияга жасаган экинчи сапары. 7-майда Садыр Жапаров Путиндин чакыруусу менен 9-майда парадга катышуу үчүн Москвага барган. Анда ал Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, Ржев шаарында *Улуу Ата-Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлерине арналып тургузулган мемориалды ачкан, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.

1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок атууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.