Кыргызстан менен Кытай биргелешип бюджети 63 млн долларлык эки сериал тартат

Кыргызстан менен Кытай биргелешип бюджети 63 миллион долларлык эки сериал тартат. Бул тууралуу 24-майда «Клоопко» Маданият министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, министрлик менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. кинокомпаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, «Жибек жолунун алыскы шамалы» аттуу 40 сериядан турган сериал тартылмакчы.

Тартуу иштери ушул жылдын экинчи жарымында башталып, процесс Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлөрү айтылат. Аталган сериал үчүн 38 миллион доллар сарпталат.

Ал эми Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. менен биргелешип тартыла турган «Бишкектеги сүйүү» сериалынын бюджети 25 миллион долларды түзөт. Долбоор 30 сериядан туруп, тартуу иштери Бишкекте жүрөт.

Министрликтен эки сериалдын тең демилгечиси Кытай тарап экенин, сарптала турган каражаттын баарын алар көтөрө турганын билдиришти.

Президент Садыр Жапаров 18-майда Сиань шаарына мамлекеттик сапары менен барып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан. Анын алкагында тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Си Цзиньпин жолугушуунун жыйынтыгы менен эмнелерди макулдашышты?