Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймагында аскердик дрондорду учурбоону макулдашышты

24-майда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугуп, чек ара аймагында аскердик дрондорду учурбоону макулдашышты. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жолугушууга Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода катышты.

Алардан тышкары жыйында эки өлкөнүн чек арага чектеш райондорунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да болду.

Тараптар чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провокациялык маалыматка жол бербөө маселесин талкуулашты.

«Чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрондорду) учурбоо макулдашылды. Ошондой эле чек арадагы айылдарда сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү», — деп белгилешти облустук админитсрициядан.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Өткөн жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Атышуунун кесепетинен Кыргызстандан 63 киши каза болуп, 206 адам жабыркаган. Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын билдирген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Үстүбүздөгү жылдын майында эл аралык Human Rights Watch уюмуну өткөн жылдагы куралдуу жаңжал учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын жасаган мыйзам бузуулары тууралуу отчёт жарыялаган.

Уюмдун маалыматында эки тараптын тең мыйзам жана согуш эрежелерин бузууга жол бергени катталганы, ал жай тургундардын өлүмүнө алып келип, турак үйлөргө, мектептерге жана медициналык мекемелерге олуттуу зыян келтиргени айтылат.

«Тажик күчтөрү жарандык унааларды аткылап, ар түрдүү шартта кеминде 8 жаранды мыйзамсыз өлтүрүшкөн; Тажикстандын көзөмөлүндө калган кыргыз айылдарында массалык талап-тоноо жана менчик үйлөрдү өрттөө фактылары тастыкталды.

Кыргызстандык күчтөр тез жардам унааларын, качкын үй-бүлөлөр бараткан жеңил унааларды аткылашкан; Овчикалача кыштагынын борбордук аянтына, колдо бар маалыматтар боюнча, Bayraktar TB-2 учкучсуз учагынан лазердик мээлөө менен ташталган кичигабариттүү авиабомбанын кесепетинен кеминде 10 киши каза болгон», — деп айтылат уюмдун отчётунда.

Human Rights Watch уюму Кыргызстан менен Тажикстандын бийлигин куралдуу күчтөрү жасаган мыйзам бузууларды иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырышты.

Азырынча кыргыз бийлиги уюмдун отчёту тууралуу «Клооптун» сурам катына жооп бере элек. Бирок өткөн жылдын сентябрындагы куралдуу жаңдалда тажик бийлигинин «Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду» деген маалыматын кыргыз бийлиги четке каккан болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы

«Тынчтык эмне экенин унуттук». Чек ара жаңжалдары жана анын курмандыктары сандар менен