Президенттин уулу, Орунтаев жана Ташиев. «Батуми» кафесинин айланасында эмне болуп жатат?

24-май күнү Бишкектеги «Батуми» деп аталган кафе борбор калаа мэриясынын тийиштүү кызматкерлери тарабынан бузулду. Анда мекемеден кафенин ээси «ижара келишимин узарткан эмес» деп түшүндүрүштү.  

Ал эми «Батуминин» ээси документтери туура жана так экенин айтып, бузуу иштерин мыйзамсыз деп айтып ыйлады. 25-май күнү анын адвокаты вице-мэр Орунтаев «президенттин уулунун атын жамынып, кафени соттун чечими жок бузду» деп, аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазганын айтып чыкты.  

Ал арада бузулган объектке УКМК төрагасы өзү барды. Ал эми материал жарык көрөөр алдында Бишкек мэриясынан «ишти укук коргоо органдары териштирип жатканын, комментарий бере албасын» айтышты. «Батуминин» айланасындагы чууну баяндап беребиз.           

«Батуми» кафесинин бузулушу

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Бишкектин «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» ресторанын бузуу иштери 24-май күнү башталган

Мэриядан кафенин ээси — «Эстаунд» ЖЧКсы — жер тилкелерин ижарага алууга укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартканын белгилешкен. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилгенин кошумчалашкан. 

Анда жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барып жатканы айтылган.   

ЖМКда кафенин ээси деп көрсөтүлгөн аялдын демонтаж иштерин баштаган атайын техникага каршылык көрсөтүп ыйлап жатканы, күч органдары менен жарандардын өз ара тарткылашканы тартылган видео тараган. Тасмадагы аял тамактануучу жайга ээлик кылган Кадича Бечелова деп белгиленген. 

«Мен азыр Кардиологиядан, ооруканадан чыгып келдим. Жок дегенде айтышы керек, эмне себептен бузуп жатканын. Бул жерде менин сегиз бир тууганымдын үлүшү бар, мен баарына карызмын. Жерди дагы ошол чоңдордон сатып алгам. Мен жөнөкөй гана мугалиммин», — деп түшүндүргөн Бечелова. 

«Батуминин» жактоочусу эмне дейт?   

«Батуми» ресторанынын ээси УКМКга арыз менен кайрылып, ишкердик объектисин «мыйзамсыз бузууга, бөтөн мүлктү жок кылууга жол берген» кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ресторанга ээлик кылган «Эстаунд» ЖЧКнын юристи Кайсын Абакиров 25-май күнү билдирди.   

Абакиров Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин «Батумини» бузууга «мыйзамдуу негиздери жана сот өкүмү жок», кызматтык ыйгарым укуктарынан «аша чапкан» деп эсептейт. 

«Орунтаев Жапаровдун уулунун атын пайдаланып, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөп, өзгөчө ири өлчөмдө мүлктүк пайда алуу максатында мыйзамсыз аракеттерди уюштурган. [...] Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү камакка алууга мыйзамда белгиленген тартипте, соттун чечими боюнча гана жол берилет», — деп жазды ал фейсбук барагына.  

Ошондой эле, Кайсын Абакиров «Эстаунд» компаниясынын колунда 2023-жылдын 17-майында чыккан борбор калаа мэриясынын 01/390 номерлүү каты гана бар экенин белгиледи. Анын айтымында, катта Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы гана берилген. 

«Бирок бул документ объектти бузууга негиз боло албайт. “Батуми” кафесинин сметалык баасы 80 млн сомду түзөт. Мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 млн сомго жакын. Кафени мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык аткаминерлерди тез арада жоопко тартууну жана оор кылмышка тиешеси бар бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тартып, аты-жөнүн жарыялоону талап кылабыз», — деп жыйынтыктады Абакиров. 

Мэрия эмне дейт? 

Ал эми Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 25-май күнү расмий сайтына билдирүү жарыялап, соцтармакка «Батуми» кафесинин администрациясына эскертүү мөөнөтү берилгени тууралуу «такталбаган маалымат тарап жатат» деп билдирди

«Ыктыярдуу демонтаждоо тууралуу билдирүү 2023-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан берилген. Белгиленгендей, билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптар аткарылган эмес», — деп жазылат релизде.

 

Бузулган кафеге Ташиев барды  

Ал арада 25-майда буздурулуп жаткан «Батуми» кафесине УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өзү барды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борборунан «Клоопко» билдиришти. 

Маалыматта Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Батуми» тамактануучу жайынын мыйзамсыз бузулушу боюнча жеринен таанышууга барганы айтылат. 

«“Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова УКМК төрагасына аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айтты. Камчыбек Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды», — деп жазылат билдирүүдө.

Авторлошу: Бурулсун Жумалиева