Баткен: ЮНИСЕФ жаңжал учурунда тургундар баш калкалаган мектептердин канализациясын оңдоду

Сүрөт: ЮНИСЕФ фонду

ЮНИСЕФ (UNICEF) фонду Баткен шаарынын мэриясы менен бирге буга чейин тургундар кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан качып, башпаанек катары колдонгон мектептердеги суу түтүктөрүн жана канализация курулмаларын оңдоп берди. Бул тууралуу 26-майда фонддон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган оңдоп-түзөө иштери Бөкөнбаев, Умаров, Ленин атындагы мектептерде жана №57 лицейде, Баткен мамлекеттик университетинин коллежинде жүргүзүлдү.

Аталган мекемелер буга чейинки кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардан качып келгендерге убактылуу башпаанек катары колдонулган. Оңдоп-түзөө жана кошумча жабдуулар үчүн жалпысынан 45 миң доллардан ашык каражат сарпталды.

Фонддон бардык мектептерге кошумча раковиналар, таштанды чакалары орнотулуп, санитария жана гигиена буюмдары, анын ичинде 9000 литр суюк самын берилгенин белгилешти.

Ошондой эле өспүрүмдөр жана ата-энелерге мектептердин айланасында ишембиликтерди жана тазалык иш-чараларын туруктуу уюштуруу тууралуу маалыматтык сабактар өткөрүлгөнүн кошумчалашты.

Андан сырткары ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм Баткендеги үй-бүлөлүк медицина борборуна облустагы балдар жана аялдар үчүн темир жана фолий кычкылдыгы сыяктуу витаминдерди тапшырды. Ал эми баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлоруна негизги медициналык жана стерилдөөчү комплекттер өткөрүлүп берилди.

Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) — балдардын жашоосун жакшы жакшыртуу максатында дүйнө жүзү боюнча 190дон ашык өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат.

Фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылы ишке кирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: USAID муктаждарга 9 тонна азык-түлүк таратты

USAID саламаттык сактоону колдоо программаларына 4 млн доллар берет