«Түбөлүк отурбайм». Камчыбек Ташиев убактым аз калды дегенине түшүндүрмө берди

25-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «коррупцияга жана оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын» жана «убактысы өтө аз калганын» айткан кайрылуусу боюнча «Регион» телеканалына түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, постун жарыялагандан кийин андан эмне үчүн убактым аз калды дегенин көпчүлүк сураган. Ташиев убакыт азайып бара жатканы тууралуу сөз түзмө-түз жумуш менен байланыштуу дейт.

«Менин да тааныштарым көп да, алар “эмнеге убакыт аз калды, жеке өзүңүз тууралуу айтып жатасызбы” деген суроолорун беришти. Туура, мен муну өзүм жөнүндө айтып жатам. Бул жумуш менен байланышкан. Мен жеке турмушумду коомчулукка алып чыга албайм, бирок [бул] жумуш менен байланыштуу. Себеби, жумуш иштөө убактысы — УКМКны башкаруу убактысы, менде деле азайып жатат. Мен эми бул жерде түбөлүк отурбайм да, туурабы? Мен бул жерде 10-15 жыл отурбайм, отурайын деген оюм болгондо деле андай мүмкүнчүлүк болбошу мүмкүн», — деп билдирди ал.

Ал УКМКны башкарып келе жаткандан бери «билинип-билинбей» эки жарым жыл убакыт өтүп кеткенин айтып, «пландалган жумуштардын баарына үлгүрүп калыш керек» деп белгиледи.

Ташиев ага жакын тааныштарынан жумушуна байланыштуу суранычтар болорун жашырган жок. Өлкөнүн башкы чекисти аларды аткарбай койгондо «сен эмне бул жерде түбөлүккө отурмак белең» деген сөздөрдү угам дейт.

«Мен аларга дагы: “Туура, мен бул жерде түбөлүккө отурбайм, ондогон жылдар бою отурайын деген оюм дагы жок. Бирок мен УКМКны башкарып жаткан маалда көп нерсеге үлгүрүп калышым керек. Мен коррупционерлердин, бандиттердин, мамлекетке зыянкечтердин тамырын кыркышым керек. Мен жумуштан кеткенден кийин ошол адамдар мага эле эмес, коомубузга дагы зыянын тийгизе албай тургандай болуп калышы керек” деп айтам. Мына ушул убакыт аз калып, күндөн-күнгө азайып жатат», — деди ал.

Сөзүнүн аягында Ташиев «ар бир саат жана убакыт өтө кымбат болгонуна байланыштуу өзү жана кызматкерлери күнү-түнү тынбай иштеп жатканын» айтты. Ага карабастан төрага «УКМКнын ичи деле “өтө идеалдуу болгон” деп айта албайм, бирок азыр тазалап-тазалап, баарынын функциясын орду-ордуна коюп отуруп, кыйла жакшырып калдык» деди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-майда Фейсбук барагынан кайрылуу жасап, «коррупцияга жана оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын» билдирген. Ал буга чейин айыпкерлер зыяндын ордун толтуруп эркиндикте калып келген болсо, эми бардык мүлкү конфискацияланып, мыйзамдагы эң жогорку жаза чегерилерин эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Менин убактым өтө аз калды». Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын эскертти