Башпрокуратура Мадумаровго тагылган айыпты «Бийликтен аша чабуу» беренесине өзгөрттү

Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго карата «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен тагылган айыпты «Бийликтен аша чабуу» беренесине өзгөрттү. Бул тууралуу Мадумаров 3-мартта депутаттык комиссиянын жыйынынан кийин билдирди.

Мадумаровдун айтымында, берене өзгөртүлгөнү тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев комиссиянын отурумунда өзү кабарлаган.

«Жыйынга башкы прокурор өзү келип, “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси туура эмес экен, туура эмес койдук, биз аны “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмаштырдык” деп айтты. Бул жөнөкөй маселе эмес да: “чыккынчы” деген беренени коюп алып, бир ай бою баарын какшатып, сүйлөтүп, анан бүгүн “жок, андай күнөө жок экен” [деп жатышат]. Бул адамдын тагдыры, менин да бир туугандарым бар, тууган-уругум бар, чет өлкөдөгү жолдоштор бар — алар эмне деп ойлошот?» — деп суроо салды Мадумаров.

Депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналында алгач депутаттык комиссия Мадумаровдун кол тийбестигин албоо чечимине келгенин айтат. Бирок көп өтпөй көзөмөл органдан Мадумаровго тагылган айып «Бийликтен аша чабуу» беренесине алмаштырылганын билдиришип, мындан улам акыркы чечим кабыл алынбай калган.

Ал эми отурумга катышкан экс-депутат Исмаил Исаков Мадумаровдун күнөөсү жок экенин айтып, ага карата тагылган айыпты «шермендечилик» деп атады.

«Адахан Кимсанбаевич бир дагы жерде жер берүү, алмаштыруу, сатуу боюнча кол койгон эмес . Болгону “мурунку [премьер-министр Игорь] Чудиновдун токтомдорун аныктагыла, тактагыла, белгиленген мөөнөттө ошону бизге айткыла” деген эки протоколго кол койгон», — деди Исаков.

Ошондой эле Исаков Мадумаровдун 2009-жылы кол койгон протоколу «Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербегендиктен» парламенттик комитет аны жокко чыгарганын кошумчалады.

Аталган протокол 2011-жылы Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети тарабынан жокко чыгарылган — Исаков комитеттин төрагасы болгон.

Берене өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Мадумаровду жоопко тартуу үчүн кол тийбестигин алуу маселесин караган депутаттык комиссиянын иши 10-мартка чейин узартылды.

Чуу жараткан протокол

2008-жылдын май айында ошол кездеги өлкө башчы Курманбек Бакиев Тажикстандын Хужант шаарында Эмомали Рахмон менен жолугушкан. Анда эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүүгө кол коюп, Эл аралык координациялык кеңеш түзүүгө макулдашкан.

Төрт-Көчө тилкесиндеги такталбаган аймак. Сүрөт: «Азия-Плюс» басылмасы

Ал эми 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу тууралуу протокол кабыл алынган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон.

Ошол эле жылдын декабрь айында Ош шаарында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык жолугушуусу өтүп, аталган протоколго ошол кездеги транспорт министри Нурлан Сулайманов да кол койгон. Бирок документти ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган эмес.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ал эми 2021-жылы президент Садыр Жапаров Мадумаров кол койгон протокол боюнча бир нече билдирүү жасап, Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген. Ошондой эле президент Мадумаров кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.

Ошол эле учурда Жапаров аталган протокол «юридикалык күчкө ээ болбогонун» белгилеген. Ал эми жылдын башында Башкы прокуратура тергөөнү улантып, бул иштин алкагында бир катар аткаминерлерди суракка чакырган.

2022-жылдын 10-февралында Башпрокуратура оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго каршы кылмыш иши козгогону белгилүү болгон. Мадумаров муну «жүз пайыз саясий иш» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты

«Юридикалык күчкө ээ эмес кагаз үчүн мынча кыйкырып жатасың?» Адахан Мадумаров протокол тууралуу

«Дагы чыр кылабыз деп отурасыңарбы?» Азимбек Бекназаров Мадумаровго каршы көрсөтмө бербегенин айтты