Депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын Мадумаровду жоопко тартуу суранычын четке какты

«Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү суранычын четке катты.

Депутат Исхак Масалиев «Азатыкка» курган маегинде комиссия чечимдин долбоорун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгарын билдирди.

«Комиссиянын чечимин Жогорку Кеңешке жөнөтүп жатабыз. Ал жактан кандай чечим кабыл алынат алдын ала айткандан корком», — деди ал.

Буга чейин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранган.

Эртеси күнү депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратура ага «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогонун айтып, муну «жүз пайыз саясий иш» деп атаган.

Ал эми 3-мартта Башкы прокуратура Мадумаровго карата «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен тагылган айыпты «Бийликтен аша чабуу» беренесине өзгөрткөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берген. Мадумаров 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге байланыштуу кабыл алынган протокол боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган.

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган.

Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан. Протоколдун юридикалык күчү жоктугун президент Садыр Жапаров да тастыктаган.

Анткен менен Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге курган маегинде Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын айткан.

Тема боюнча:

Адахан Мадумаров ага карата «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтты

«Юридикалык күчкө ээ эмес кагаз үчүн мынча кыйкырып жатасың?» Адахан Мадумаров протокол тууралуу