Токмокко жакын жерде жеңил унаа автоманипулятор менен кагышып, 8 киши каза тапты

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 78-чакырымында жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кырсык 27-майда катталды. Анда оң рулдуу «Хонда Одиссей» унаасы каршы тилкеге чыгып, автоманипулятор менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы сегиз адам окуя болгон жерде жан берген.

ИИМдин жол кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө 7040 жол кырсыгы катталган. Андан 690 киши каза таап, 11 миң 49 киши жаракат алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

2022-жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 477 киши каза болду, анын 79у жаш бала