Видео: Минкабдын башчысы президентке Бишкекте иштебей турган заводдорду көрсөттү

26-майда президент Садыр Жапаров жана минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «Бишкек машина куруучу заводу» жана «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барышты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынан алар заводдордун өндүрүш аймагын, токтоп турган цехтерди жана ишканаларды көрүп чыкканын белгилешти.

АКIpress агенттиги жарыялаган видеодо минкабдын төрагасы президентке объектилердин тарыхын, алардын кейиштүү абалда экенин айтып жатканын көрүүгө болот.

«Сырты эле калган, ичинин баары талкаланган. Эч нерсе жок. Бул жерге азыр эки инвестор чыгып жатат: кытайлар, электромобилдерди чыгарганга, анан Өзбекстандан келатышат. Мурун бул жакка Кореядан инвесторлор келип, Жиззакка эмес, ушул жерге кургусу келген экен», — деди ал.

Садыр Жапаров кореялык инвесторлорду буга чейинки бийликтегилер «качырып жибергенин» айтып, «кайра келгени жатышыптырбы?» деп сураган. Минкабдын башчысы ооба деп жооп берген.

Акылбек Жапаров дагы бир иштебей турган имаратты көргөзүп жатып, «Бахмуту* жок эле талкаланып калган» деди.

Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ишканалардын кейиштүү абалына таң калып, ушундай акылбалга келишине мурдагы «жетекчилердин тиешеси бар» экенин айтты.

*Бахмут — Украинанын Донецк облусундагы шаар. Ал азыр Орусиянын Украинага толук масштабдуу кол салуусунан кийин дээрлик толугу менен талкаланган.