Кара-Суу: «Оомат» базарына жакын турак үйдөн ири өрт чыкты

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарына жакын жайгашкан турак үйлөрдүн биринен ири өрт чыкты. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу 29-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо 28-майда чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө ӨКМдин кызматкерлери барган. Саат 15:05те чектөөгө алынып, 20:43тө толугу менен өчүрүлгөн.

Соцтармактарда өрт чыккан жерден тартылган видео тарады. Анда өрт өчүрүүчү унаанын өтө албай жатканынан, адамдар жолду тосуп калган унааларды күч менен жылдырып жатканын көрүүгө болот.

Тилсиз жоо жалпы 1044 м3 аянтты түзгөнү кабарланды. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин жана чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат.