Ниязалиева менен үгүтчүнүн «добуш сатып алуу жөнүндө» сүйлөшүүсү делген аудио тарады

29-май күнү соцтармакта Бишкек шаарынын Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын үгүтчүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүүсү делген үн жазуу тарады. Анда добуш сатып алуу тууралуу сөз болгон.

Үн жазууда Ниязбековага таандык делген үн «Роман Уметбеков» аттуу үгүтчүгө кайрылып «түрктөрдү жөнөтчү, бул жакта жетпей жатат» деп кайрылат.

Уметбеков өз кезегинде «сволочтор тырышып жатат, баа түшүп кетти» дегенин угууга болот. Аудиодо «39 кишини жөнөтчү, экинчи схема менен киргизебиз» деген да сөз болот.

«Ой, эже, таң атпай 6да алып келе албайм, саат 7де алып келейин, жок дегенде», — дейт тасмадагы эркекке таандык үн.

Азырынча талапкер Ниязалиеванын штабы дагы, Боршайком дагы интернетке жайылган аудио тууралуу комментарий бере элек.

Ленин районундагы шайлоо

Буга чейин ИИМ Ниязалиеванын штабында иштейт деген үгүтчүлөргө байланыштуу добуш сатып алуу фактысы иликтенип жатканын кабарлаган. Ниязалиева соцтүйүнгө жарыяланган видеолорду «атаандаштардын каралоосу» деп сыпаттаган.
Ленин районундагы шайлоо

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгына ылайык, Ниязалиева шайлоого катышкандардын 35,83% добушуна ээ болгон — ага 6 242 шайлоочу добуш берген.
Ал эми 2 070 добушка ээ болгон талапкер Улан Сариев 11,88% менен экинчи орунга илинген.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Бул аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

Боршайкомго эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылуудагы маалымат тастыкталган эмес. Ал эми үчөөнү укук коргоо органдары териштирүүдө — корутундусу шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

Дамира Ниязалиева деген ким?

Дамира Ниязалиева 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылды апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган. Ошол эле жылы ал КСДП партиясынан парламентке депутат болгон.

2014-2016-жылдары Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Ниязалиева вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ал эми 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ниязалиева №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп, бирок жетиштүү добуш топтой алган эмес.