Азиз Бейшеналиев: Бир жылдан бери Орусияда ТИЗОдо отурган Нургүл Азимова укуктук жардамга муктаж

Акча опузалоого шектелген кыргызстандык аял бир жылдан бери Орусияда ТИЗОдо кармалып турат. Үч балалуу аялдын үстүнөн күйөөсү арыз жазган. Ал күнөөсү жок экенин айтып, ишти адилет териштирүүнү суранып жатат. Бул тууралуу актёр Азиз Бейшеналиев фейсбук барагына жазды.

Азиз Бейшеналиев ага Нургүл Азимова аттуу жаран кайрылып жардам сураганын белгиледи. Мындан улам актёр президент Садыр Жапаров менен минкаб төрагасы Акылбек Жапаровго, ошондой эле Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевге ачык кат жолдоду.

Актёрдун айтымында, кыргызстандык аял мамлекеттин коргоосуна муктаж болуп турат.

Документ жасалмалоо жана ири насыя

Бейшеналиевдин колуна тийген өтүнүч катта жашы жете элек үч баласы бар келин турмуштан ажырашып, 2021-жылы Орусияга келгенден кийинки тагдырын айтып берген. Нүргүл Азимова Москвада иштеп жүрүп Мирлан Исмаилов аттуу киши менен таанышып, мамиле кура баштайт. Мирлан анда башы бош экенин айтат.

Кийин Нүргүл 450 миң сомго баланган унааны карыздын ордуна алганын уккан Исмаилов үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн айтып Нургүлдөн акча сурай баштайт.

«Ал ата-энесинин үйү күрөөдө калганын айтып менден 150 миң сом карызга сураган, мен бергем. Көп өтпөй, унаам сынып калды деп дагы 47 миң рубль алган. Ушул убакытка чейин мен ага акча берип келгем»,— дейт ал.

Нургүл 2021-жылдын декабрь айында кош бойлуу экенин билип, Мирлан экөө нике кыйып жашап калышат. Бир айдан кийин ага бейтааныш аял телефон чалып Мирландын жубайы экенин, күйөөсүнүн жүрүм-туруму боюнча айтып берген. Бирок кайын журту Нургүлдү жоошутуп, «мурдагы аялы өзү күнөөлү болчу» деп тынчытышат.

Көп өтпөй Нургүл кайындарынын суранычы менен аларга ири суммада насыя алып бермей болот. Кыргызстанга кетебиз деп жатканда күйөөсү дагы көзүнө чөп салганын билип калат. Уруш-талаш болуп, Мирлан аялына кол көтөрөт.

Башы эмерекке тийип, катуу токмок жеген аял эки күн турбай жатат. Ошого карабай Мирлан Нургүлдү кредит алуу үчүн Кыргызстанга алып келет. Андан соң банк нике күбөлүгүн талап кылгандыктан, тез арада экөө расмий никеге турат. Ал арада ур-токмоктон улам аялдын боюнан түшөт.

Расмий никеге тургандан кийин жубайлар аялдын атына бир миллион эки жүз миң сом насыя алат. Бирок Мирландын үй-бүлөсүнө үч миллион керек деген жүйө менен башка банктарды кыдыра башташат. Банк кызматкерлеринин бири Мирландын паспортунан шек санап, ошондо гана аял күйөөсү документтерин төрт жолу оңдотконун угат.

«Мурда да көп жолу насыя алганы үчүн атын алмаштырган экен. Алтургай байкелери менен апасы дагы аты-жөнүн алмаштырыптыр. Албетте, баары мыйзамсыз келишимдин негизинде жасалган, күйөөм бул иштери менен сыймыктанчу»,— дейт Нургүл.

Ишке ашпаган АКШга сапар

2022-жылы майда Нургүлгө кайнатасы телефон чалып, «нике күбөлүгүңдү Мирланга бербе» деп эскертет. Көрсө, атасы баласы АКШга кете турган визасы бар аял менен таанышып, тез арада ага баш кошуп, үй-бүлө мүчөсү катары кетүүгө камданып жатканын билип калат.

Көп өтпөй нике күбөлүгүн талап кылып күйөөсү келип, «Кадамжайга калтыргам» деген жооптон кийин аялды катуу сабайт. Укук коргоо органдарына кайрылсаң көрөсүң деп коркутат.

Кайын журтуна алып берген насыяны төлөш үчүн Нургүл кайра Москвага келип иштей баштайт. Ошол кезде ага белгисиз адамдар телефон чалып, күйөөсү карыз экенин айтып, таап бересиң деп коркута баштайт.

Нургүлдүн айтымында, 2022-жылы июнда жолдошу дагы Москвага келгенин угат. Акчаны кайтар деп тынчын алган белгисиз кишилер тууралуу айтып берүү үчүн жолукканга аракет кылат. Бирок күйөөсү аны кара тизмеге киргизип койгон болот.

Ошентип Нургүл тааныштары аркылуу күйөөсүн «таптырат».

«Эски таанышым Мирландын кылыктары абдан жосунсуз экенин айтып, сүйлөшүп коё турчу таанышым бар деди. Алар мени 9-июнда келип кал деп дарегин жөнөтүштү. Барсам Мирлан жана дагы беш киши бар экен. Жолдошум карызга батырганын, уруп-сабаганын мойнуна албай жатыптыр. Телефондогу денемдин көгала болгон сүрөттөрүн, кредиттин документтерин, анын смс билдирүүлөрүн далил катары көрсөттүм. Мени кете бер дешти. Аны эч ким уруп-сабаган эмес, күбөлөр бар», — дейт Нургүл катта.

Бул окуядан кийин Нургүлдү полиция «жолдошун опузалаган» деп айыптап кармаган. Полиция бөлүмүндө Элчиликтин эки кызматкери да болгон. Нургүлдүн айтымында, алар аялга орой мамиле жасап, видеого тартып «кыздарыңа жөнөтөбүз» деп коркутушкан.

«Билишимче, элчиликтин кызматкери күйөөмдүн жакшы таанышы болчу. Ал ар кандай маселелерин чечип берген буга чейин дагы. Менин укуктарым жөнүндө эч ким түшүндүргөн жок, ак баракка кол койдуруп алышкан. Бир жылдан бери Москванын ТИЗО-6да камактамын. Телефон чалып балдарым менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүм жок. Орусияда жалгыз, орусча да жакшы билбейм, коргоосу жок калдым»,— деп билдирген Нургүл.

Аялдын өтүнүч катын жарыялаган Азиз Бейшеналиев Кыргызстандын ИИМне да кайрылып, документ жасалмалоо боюнча ишти териштирүүнү, дегеле окуяны адилет тергөөнү суранды.

Ошондой эле ТИМге жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылып, аялга полиция бөлүмүндө басым жасап, психологиялык шантаж кылган кызматкерлер ким экенин аныктоону өтүндү.

Актёр Элчилик менен ТИМ кармалган аялга консулдук жана юридикалык көмөк көрсөтөбү деп суроо салды.

Элчилик эмне дейт?

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинен 2022-жылы 10-июнда Орусиядагы ИИМдин өкүлчүлүгүнө кыргызстандык киши кайрылганын билдиришти. Ал түнкү саат 2де белгисиз кишилер агасын таксиге күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин айткан.

«Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, жабырлануучу Москвадагы батирлердин биринен табылган. Аны эркине каршы кармап, туугандарынан 1 800 000 рубль талап кылышкан. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдар кармалган», — деп билдирди Элчилик.

Элчиликтен, тергөөнүн версиясы боюнча шектүүлөрдүн күнөөсү жабырлануучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү, тергөө аракеттеринин протоколу жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана башка кылмыш ишинин материалдары менен такталган деп кошумчалашты.

Алардын айтымында, тергөө жыйынтыкталгандан кийин ишти орусиялык соттук инстанциялар карап, мыйзамдуу чечим кабыл алат.

«Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин кызматкерлери кармалган аялга басым кылды деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп белгилешти мекемеден.

Даярдаган: Бурулсун Жумалиева