«Өлкөнүн сыймыгы». Акылбек Жапаров D Billions тобун ардак грамота менен сыйлады

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров D Billions чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолугуп, аларга маданияттын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Жапаров D Billions — «өлкөнүн чоң сыймыгы» экенин белгиледи.

«Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды – азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда», — деди минкабдын башчысы.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошондой эле Жапаров бийлик чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону убада кылды.

D Billions 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата калаанын борбордук Ала-Тоо аянтында шоу-концерт тартуулап, андан кийин дүйнөлүк турнеге чыгып, АКШнын 11 штаты менен Европаны кыдырат.

D Billions — Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, контентин эл аралык аянтчаларга, көбүнчө YouTube каналына чыгарып келет. 

D Billions’тун YouTube каналынын 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар. 2021-жылдын сентябрында D Billions YouTube’дун бриллиант баскычына ээ болгон