Президент Мальдив аралдары менен визасыз режим киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Мальдив Республикасынын ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кол коюлган документ Кыргызстандын жана Мальдив Республикасынын жарандарын мамлекеттердин аймагына кирүү, чыгуу, транзит жана убактылуу болуу үчүн 30 күнгө чейин визалык талаптардан бошотууну карайт.

Кыргызстандын жарандары 26 өлкөгө визасыз кире алышат жана ал жакта 30 күндөн 90 күнгө чейин жүрө алышат.