Парламент тогуз кыргыз-орус мектебин куруу боюнча макулдашууну ратификациялады

Жогорку Кеңеш 1-июнда Кыргызстанда тогуз мектеп куруу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, мектептерде сабактар орус тилинде окутулат. Жыйында билим берүү министринин орун басары Уланбек Усеков мектептер этап этабы менен бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында куруларын айтты.

Мектептин долбоордук кубаттуулугу 1224 чейин окуучу орунга ылайыкташтырылган.

«2023-жылы Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында бирден мектеп куруу пландалып жатат. Бардык мектептер бир типте болот жана бассейн менен жабдылат», — деди Усеков.

Ал мектептердеги окуу толугу менен акысыз болорун кошумчалады. Мектептерде иштеген мугалимдер Орусиядагы мугалимдер алгандай эле айлык акы алышат.

Орусия Кыргызстанда тогуз мектеп кура турганы 2022-жылдын августунда белгилүү болгон. Анда Билим берүү министрлиги мектептерде окутуу орус тилинде болот, эгер зарылдык болсо кыргыз тилиндеги класстар ачыларын, ал жерде билим берчү мугалимдер Орусиядан атайын окутуудан өтүп келишерин билдиришкен.

Курулушту орус бийлиги көзөмөлдөп, мектеп бүткөн соң кыргыз тарапка өткөрүп берет.