Билим берүү министрлиги: Орусиянын эсебинен Кыргызстанга 9 мектеп курулат

Кыргызстандын жети облусуна жана Бишкек, Ош шаарларына Орусиянын эсебинен жалпы тогуз мектеп курулат. Курулушту орус бийлиги көзөмөлдөп, мектеп бүткөн соң кыргыз тарапка өткөрүп берет. Бул тууралуу «Клоопко» Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептерде окутуу орус тилинде болот, эгер зарылдык болсо кыргыз тилиндеги класстар ачылат. Ал жерде билим берчү мугалимдер Орусиядан атайын окутуудан өтүп келишет.

«Учурда биздин өлкө тарабынан тиешелүү участокторду жана документтерди даярдоо процесси жүрүп жатат. Азырынча каржылоо жана курулуш иштерин баштоо качан башталары белгисиз», — деп белгилешти министрликтен.

Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясы Орусиянын эсебинен курулчу мектеп 1200 орундуу болорун белгилеп, курулуш үчүн шаардын Спутник кичи районунан үч гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады.

Сүрөт: Жалал-Абад шаардык мэриясы.

Мэриядан мектеп салынчу жеди көрүү үчүн Орусиянын Билим берүү министрлигинин өкүлү Олег Чижаковский, Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинин аналитикалык кабинетинин директору Радик Юлбаев келгенин белгилешти.

«Мектеп эл аралык стандарттарга ылайык салынып, окутуу ыкмасы да заманбап талаптарга төп келмекчи», — дешти мэриядан.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга Орусиянын эсебинен мектеп куруу боюнча келишимге президент Садыр Жапаровдун Москвага болгон иш сапарында кол коюлган.

Кыргызстандагы мектептер

Кыргызстанда окуучуларга мекетептер жетишпейт. Борбор калаадагы көпчүлүк мектептерде бир класста 40тан бала окуйт. Ал эми айылдарда болсо мектеп имараттары авариялык абалда.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда экенин билдирген. Анын айтымында, 126 мектепте окуучулар үч смен менен окушат, ал эми жаш балдардын 22% гана бала бакчага барат.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, билим берүү министрлиги жылына мамлекеттик бюджеттен мектептерди оңдоп-түзөөгө 100 млн сом бөлөт, бирок бул каражат чыгымдын 24%ын гана жабууга жетет.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, калган 76%ы жергиликтүү бийликтин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жабылат.

Тема боюнча:

Билим берүү министрлиги: Мектептерди оңдоого бөлүнгөн 100 млн сом чыгымдардын 24%ын гана жабат

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!