УКМК 2010-жылы июнь окуясында милиционерди өлтүргөн деген шек менен эки кишини кармады

УКМКнын кызматкерлери 2010-жылы улуттар аралык кагылышуу учурунда ИИМдин кызматкерин өлтүргөн деген шек менен Сузак районунун эки тургунун кармады. Бул тууралуу 1-июнда УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди. 

Кармалгандар 37 жана 47 жаштагы адамдар. 

«Кармалган жарандар 2010-жылы июнда Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-ж тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган», — деп айтылат билдирүүдө.


Кармалгандар. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын улантып жатканын белгиледи. 

Ошондой эле УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын кошумчалады.

2010-жылдагы этникалык жаңжал 

2010-жылдын 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Жалпысынан өлкөнүн түштүгүндөгү кагылышта, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 426 адам каза таап, миңден ашык адам жарадар болгон, ал эми материалдык чыгым 2,2 млрд долларга чукулдаган. 

Башкы прокуратура июнь окуясы боюнча 5 642 кылмыш ишин козгогон. Алардын эң көбү «Уурдоо», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу», «Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу» жана «Киши өлтүрүү» беренелери менен катталган.

Аталган кылмыштардын 360ынын гана бети ачылган — бул жалпы кылмыштардын 6,3 пайызын түзөт. Жалпысынан 511 кишиге айып тагылган. Ал эми 3919 кылмыш ишинин тергөөсү убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башкы кылмыш иштери менен өндүрүштө турат.

Дагы окуңуз: Жапаров УКМКга 2010-жылдын июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды