Бир кадр менен: Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Чолпон-Ата шаарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан минкабдын башчысы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Эмомали Рахмон менен Акылбек Жапаров. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Тажикстандын маалымат каражатары тажик президентинин басма сөз кызматы таянып билдиришкендей, саммиттин алкагында Рахмон менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Рахмон Кыргызстанга «Европа биримдиги – Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн келди. Саммит 2-3-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Саммитке Рахмондон тышкары Казакстандын президенти — Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти — Шавкат Мирзиёев, ошондой эле Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

Саммитте өлкө башчылары менен Европа Кеңешинин башчысы эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечек пландарын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсүн талкуулашат.

Рахмон акыркы жолу Кыргызстанга 2022-жылдын июлунда расмий сапары менен келген. Анда да Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында өтүп, кыргыз-тажик эки тараптуу маселелери талкууланган.

Бирок 2022-жылдын сентябрындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалынан кийин эки президент тең дээрлик байланыш түзүшкөн жок. Эки тарап тең бири-бирин агрессияга айыптаган, ал эми Москва эки өлкө Жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө болгонуна карабастан ортомчу болуп бере алган эмес.

Кыргызстандын ТИМи чек ара жаңжалынан кийин кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга бир нече жолу чакырган.