Айпери Медет кызы Бишкектеги эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

Балбан Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Каба уулу Кожомкул & Раатбек Санатбаев аталышындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште чемпион болду.

Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмактык категорияда күч сынашты. Ал финалдык беттешке чейин Казакстан, Украина жана Кытайдан келген спортчуларды жеңди.

Ал эми финалда дагы бир кытайлык атаандашы Януан Хуанды 5:3 эсебинде утту.

Айпери Медет кызы — айымдар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси. Азия чемпионатынын чемпиону жана төрт жолку күмүш байгесинин жеңүүчүсү.

1-июнда башталган бул эл аралык турнир 4-июнга чейин уланат. Анда спортчулар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча ат салышууда. Мелдешке 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда. Алардын арасында олимпиаданын, дүйнөнүн бир нече чемпиондору бар.

Буга чейин аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова, ал эми грек-рим күрөшү боюнча Бексултан Назарбаев, Бексултан Махмудов жана Дастан Кадыровдор коло медаль тагынышкан.