Конституциялык сот депутаттарга кылмыш ишин козгоо боюнча түшүндүрмө берди

2-июнда Конституциялык сот Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоодо эл өкүлдөрүнүн уруксатынын кереги жок» деген чечимине түшүндүрмө берди.

Анда депутатка кесиптештеринин уруксаты жок эле иш козгосо болору айтылат. Бирок эл өкүлүн жоопкерчиликке тартууда парламенттин макулдугу керек болот.

Маалыматта «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдагы «эл өкүлүнө кылмыш ишин козгоо үчүн депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу керек» деген берене алардын Конституцияда белгиленген укуктарын кеңейтип салганы айтылат.

27-майда Конституциялык сот бул беренени Баш мыйзамга каршы деп тапкан. Парламенттин 1-июнундагы жайынында бир нече депутат Конституциялык соттун чечимин сынга алган

Жанар Акаев парламент Конституциялык соттун чечимине тийиштүү реакция кылбаганын белгилеген. Ошондой эле, ал Конституциялык соттун башчысы Эмил Өскөнбаевди отставкага кетирүүнү сунуштаган. 

Депутат Сүйүнбек Өмурзаков дагы Конституциялык соттун чечимин сынга алып, «мыйзамдарды резина кылып, каалагандай тартып, каалагандай чечмелеп» жатышканын белгилеген. Ал Өскөнбаевди парламентке келип, түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.

Ага чейин депутат Адахан Мадумаров Конституциялык сот мындай чечимди атайын, аны жоопко тартуу үчүн кабыл алганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокурор Адахан Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады