Бишкекте таза суу тартыш болуп, жалпы 15 мончо, унаа жуучу жай убактылуу жабылды

Бишкекте ичүүчү суунун кескин тартыштыгынан улам сууну көп сарптаган жалпы 15 мончо, унаа жуучу жай убактылуу жабылды. Бул тууралуу 3-майда шаардык мэриядан билдиришти.

 

Шаар бийлиги акыркы жылдарда, өзгөчө жайында калкты таза суу менен камсыздоо негизги маселе болуп жатканын белгиледи. Маалыматка ылайык, бир адам үчүн суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин өстү.

«Сууну керектөөнүн өсүшүнүн бир себеби жашыл аянтчаларды жана чарбалык жерлерди сугарууда ичүүчү сууну көзөмөлсүз жана сарамжалсыз пайдалануу болуп саналат», — деп белгилешти мэриядан.

Аны менен катар, мөңгүлөрдүн жай эриши да суунун тартыштыгына негиз болууда. Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендери камсыздайт. Суунун 40%дан ашыгы Орто-Алыштан келет.

Мэриядан учурда калкты таза суу менен камсыздоо үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчалашты.

Буга чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу чыкпай жатканы айтылган. Тургундар ичүүчү суунун эки саатка гана берилип жатканына нааразы болушкан.