Эл аралык мелдеш: Эркин күрөш боюнча балбандар үч алтын, эки күмүш, төрт коло медаль утушту

Бишкекте өтүп жаткан Каба уулу Кожомкул & Раатбек Санатбаев аталышындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эркин күрөш боюнча балбандар үч алтын, эки күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту.

Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу, Орозобек Токтомамбетов алтын тагынса, Алмаз Бекзат уулу менен Алибек Осмонов күмүш, Абдумалик Карачев, Эрназар Акматалиев, Адилет Маратбаев жана Икромжон Хаджимурадов коло байгеге ээ болду.

57 килограмм салмактык категориянын финалдык беттешинде эки кыргызстандык балбан кез келип, Сманбеков Бекзат уулун 6:1 эсебинде жеңди — бири алтын, экинчиси күмүш тагынды.

Жумашбек (61 кг) уулу чемпиондук үчүн таймашта грузиялык атаандашы Шота Партенадзени 8:2 эсеинде жеңсе, ошол эле салмакта Карачов коло медалдын ээси болду.

Осмонов (65 кг) финалда монгол спортчусу Тумур Тулгага жеңилип, күмүш байгеге ээ болду. Ал эми Хаджимуродов (65 кг) коло медаль утту.

70 килограммда Токтомамбетов казак балбаны Сырбаз Талгатты 3:2 эсебинде багынтып чемпион аталса, Акматалиев ошол эле салмактык категорияда коло байгени багындырды.

Ал эми 79 килограмм салмакта Адилет Маратбаев казакстандык балбанды утуп, коло медалдын ээси болду.

Аталган турнир 1-4-июнь күндөрү Бишкекте өттү. Анда спортчулар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча ат салышты. Мелдешке 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышты. Алардын арасында олимпиаданын, дүйнөнүн бир нече чемпиондору бар.
Буга чейин аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло багынткан.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Бексултан Назарбаев, Бексултан Махмудов жана Дастан Кадыровдор коло медаль тагынышкан.