Бир сүрөт: Зеленская иш учурунда полковниктен ыдык көргөн Нурчолпонду колдоду

Сүрөтчү Татьяна Зеленская Коргоо министрлигинин полковниги тарабынан ыдыкка кабылганын айтып чыккан ырчы Нурчолпон Улугбек кызын колдоп, иллюстрация тартты. Ал иллюстрацияны фейсбуктагы барагына 5-июнда жарыялады.

Сүрөттө улуттук кийимчен ырчынын жылмайып, жетиген аспабында музыка ойноп жатканы чагылдырылган. Артында Кыргызстандын бийик тоолору түшүрүлгөн.

«Ачык айтуу менен сиз өзүңүз үчүн эле эмес, башка миңдеген кыздар менен айымдар үчүн да тикеңизден тик турдуңуз, сизге жаркын жеңиш каалайм», — деп жазды сүрөтчү.

Нурчолпон аскерлерге арналган иш-чарада полковник тарабынан ыдыкка кабылганын 31-майда айтып чыккан. Ал полковниктин кесиптештери да ага тийишүүгө аракет кылганын белгилеген.

Ырчы окуя болгондон кийин милицияга «арыз жазганын» жана полковник андан кечирим сураганын кошумчалаган.

«Полковник кечирим сурап кутулуп кетти, мен болсо травмамды бир жарым жыл бою дарыладам. Жыйынтык: өзүңөргө жана нервиңерге кам көргүлө, бир да жумуш ден соолугубузга арзыбайт», — деген ал.

Ал эми Аскер прокуратурасы бул боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын билдирген.

Татьяна Зеленская Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдө болуп жаткан маанилүү темаларга тарткан сүрөттөрү жана иллюстрациялары менен белгилүү. Ал өлкөдөгү кырдаалдарга жана Украинадагы согушка байланыштуу иллюстрацияларды да жарыялаган.

Ыдык көрсөтүү жана жаза

Харассмент же ыдык — адамдын жеке жашоосунун кол тийбестигин бузуп, ыңгайсыздык жаратып, ал тургай зыян алып келе турчу жүрүм-турум. Ага кармалоо, өөп, кучактап же апчып кеткен жагымсыз кыймыл-аракеттер кирет. Андан тышкары сөз менен кемсинтүү же коркутуу, жагымсыз эскертүүлөр же орой тамашалар да ыдык болуп эсептелет.

Кыргызстанда кыздар көчөдө, окууда же жумуш учурунда сексуалдык ыдыкка кабылышат. Статистикага ылайык, кыргызстандык кыздардын 83%ы өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Көпчүлүк учурда жабырлануучулар милицияга кайрылышпайт, анткени коомдун жемесине калуудан чочушат. 

Ал эми мыйзамда сексуалдык ыдыктын өзүнө эч кандай жаза колдонулбайт. Юрист Фатима Якупбаеванын айтымында, эреже катары мындай учурда «Майда бейбаштык» беренеси колдонулат, анда айыпталуучу коомдук жумуштарга тартылып, айыпка жыгылып же 3-5 суткага чейин камакка алынат.

Мыйзамда зордук көрсөтүү же шантаж кылуу менен сексуалдык мүнөздөгү аркеттерге баруу үчүн жоопкерчилик каралган. Мындай учурда «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» же «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери колдонулат. Бирок муну «видео, аудио, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок далилдеп берүү өтө оор» дейт юрист.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ырчы Нурчолпон полковник тарабынан ыдыкка кабылга