Украиналыктарга тилектештик: Зеленская белгисиз бирөө боёп салган муралга оммаж жаратты

Сүрөтчү Татьяна Зеленская украиналык аялдарды колдоо максатында тартылган муралдын санарип версиясын жаратты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы барагына билдирди.Буга чейин муралды белгисиз адамдар боёп кетишкен болчу.

Муралга түшүрүлгөн кыргыз жана украин кызынын жанына Зеленская дагы эки кызды жана баланы кошуп тарткан.

Сүрөт: Татьяна Зеленская.

«Кечээ Бишкектеги украиналыктарга тилектештикти чагылдырган муралды боёп кетишти. Бүгүн мен муралдын жаңысын өзүмдүн барагыма тартып чыгардым. Вера Андрианова, Арслан Нарынбеков жана Акжибек Бейшебаева бул силер тарткан Чуйковдун оммажына тартылган менин оммажым катары кабыл алыңыздар», — деп жазган сүрөтчү.

Вера Андрианова жана Арслан Нарынбеков — сүрөтчүлөр, ал эми Акжибек Бейшебаева — арт-менеджер жана муралды жаратуу идеясынын автору.

Мурал Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Чоң Чүй каналынын түштүк бөлүгүндөгү дубалга 16-июлда саат 21.00дө тартылган.

Анда эки кыз — кыргызстандык жана украин кызы — тартылган болчу. Андрианованын айтымында, кыргыз кыз украиналык курбусуна тынчсыздануу менен карап, кейип жатканын билдирип турат.

«Бул Семён Чуйковдун “Кыргызстандын гүлдөрү” эмгегине оммаж. Бул согуш учурунда украин элине, анын ичинде айрыкча аялдар менен кыздарга колдоо көрсөтүүнүн чыгармачыл ыкмасы. Аскердик аракеттер учурунда адатта аялдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү көбөйөт. Кол салган тарап үчүн бул жарандардын каршылыгын мокотуунун бир жолу», — деген ал.

Бирок, ЖМК мурал тууралуу жазып чыккан күндүн эртеси белгисиз бирөөлөр аны боёп кетишкен.

Учурда Орусия Украина менен согушуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында орус аскерлери коңшу өлкөгө ири масштабдагы чабуулду башташкан. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атап жатат.

Кыргызстан Орусия менен Украина согушунда расмий бейтарап позицияны карманууда.