Прокуратура: Бишкек — Кара-Балта жолун курууда мамлекетке 104 миллон сом зыян келтирилген

Бишкек — Кара-Балта унаа жолу. Сүрөт: Башкы прокуратура.

5-июнда Башкы прокуратура Бишкек — Кара-Балта унаа жолун куруп, реабилитациялоодо мамлекетке 104 миллиондон ашык сом зыян келтирилгенин аныктады.

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырууда.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында көчө жарыктандыруучу лампасы бар 450 металл мамы, 36 парапет, 2 аялдама, темир торлор, А тибиндеги асфальт-бетон жана башка мүлктүн жетишсиздиги аныкталды. Ошондой эле, жолго жыштыгы төмөн асфальт төшөлгөнү белгилүү болду», — дешти көзөмөл органдан. 

Бул боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аң. Кыргызстанда жол куруудагы аңгектердин беш даражасы