«Каракол» аэропортундагы курулушта эки адам каза болуп, бири жандандыруу бөлүмүндө

«Каракол» аэропортундагы кырсык. Сүрөт интернеттен алынды.

Материал 17:30да жаңыланды.

Ысык-Көл облусундагы курулуш иши жүрүп жаткан «Каракол» аэропортунда темир конструкция кулап, үч жумушчуну басып калды. Алардын экөө каза болуп, бири ооруканада. Маалыматты «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты.

Кырсык 5-июль күнү саат 17:00 чамасында катталган. Каза болгондор Жылдыз айылынын 42 жана 45 жаштагы тургундары — алардын бири жеринде жан берсе, экинчиси ооруканада каза болгон.

«Дагы бир жабырлануучу реанимацияда, абалы оор. Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын корутундусу менен чечим кабыл алынат», — деди облустук милициянын өкүлү Сталбек Усубакунов.

Милициядан кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатканын белгилеп, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Ал эми маркумдардын жакындары президентке кайрылуу жолдоп, окуяны калыс тергеп берүүнү өтүнүштү. Алардын айтымында, кырсыкка курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын «шалаакылыгы» себеп болгон.

«Мындан ары дагы канча бала өлүп калат. Ким билет? Ушунун баары булардын шалаакылыгынан болду. Бүгүн келсек кечээ бул жерде киши каза болгондой эч нерсе жок, бардык жерде жумуш жүрүп жатыптыр. [...] Калыстык жок, балдардын өлүп калганына бир кайгыруу жок. Мына ушул балдар жетим калды, ушул эки аял жесир калды», — деди нааразы болгондордун бири.

Ал эми президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов маркумдардын үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле аларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Аны менен катар, облус башчысы кырсыкта жаракат алган Адылбек Осмоновдун абалынан кабар алды.

Азыркы тапта Караколдогу жаңы аэропорт комплексинин курулушу жана шаардык аэродромду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров жаңы аэропорт «июнда ишке берилет» деп билдирген.

Буга чейин УКМК «Каракол» аэропортунун жетекчилигине «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Аэропорттун кызматкерлери «жеке кызыкчылыгын көздөп», техника жана жабдууларды, андагы баалуу металлдарды мыйзамсыз сатып жибергени аныкталган.

«Каракол» аэропорту 1971-жылы негизделген. Бийликтин маалыматы боюнча, аэропорттун учуп-конуу тилкеси 1978-жылы ишке берилген, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК «Каракол» аэропортунун жетекчилигине кылмыш ишин козгоду