УТРК: Облустук мамканалдардын кызматкерлеринин маянасы июндун ортосуна чейин төлөнөт

УТРК облустук телеканалдарда иштеген кызматкерлердин үч айлык маянасын июнь айынын ортосуна чейин төлөп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы телекорпорацияга таянып жазды.

УТРКдан облустук телеканалдардын каражаты аларга 31-майда гана түшкөнүн, 10-июнга чейин кызматкерлерге апрель, май жана июнь айларынын эмгек акысы төлөнүп берилерин айтышты.

Облустук мамлекеттик телеканалдарда иштеген кызматкерлер бир нече айдан бери айлык ала электигин күн мурун соцтүйүндөрдүн колдонуучулары жаза башташкан. Жалал-Абад облустук телерадиокорпорациясынын башчысы Союзбек Абдурасулов кызматкерлер эки айдан бери айлык ала электигин айткан.

Облустун телеканалдар өткөн жылдын августунда УТРКнын карамагына өткөн.

Автору: Акылай Курманова