Кара-Суу: Тургундарды нааразы кылган электр өчүрүүлөрү авариядан улам болгону айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Медресе айылынын тургундары электр энергиясы себепсиз өчүрүлүп жатканын айтып, 2-июнда Ош электр тармактар ишканасынын имаратына нааразычылык билдирип чыгышкан.

Сүрөт: «Т-Медиа» телеканалы

Ош электр тармактары ишканасы 8-июнда «Клоопко» аталган айылдагы кырдаал тууралуу комментарий берип, жарыктын жоктугун авариялык кырдаалдар көп катталганы менен түшүндүрүштү.

Эмне болду?

2-июнда Медресе айылынын тургундары электр энергиясы себепсиз өчүрүлүп жатканын жана жарык бир канча күндөп келбеген учурлар болгонуна нааразычылык билдиришти.

Тургундар Ош электр тармактары ишканасынын имаратынын алдына чогулуп, «электр энергиянын тарифин көтөргөнгө жараша үзгүлтүк камсыздалсын» деген талап коюшту.

Аталган айылдын тургуну Датка Акматова 5-июнда «Т-Медиа» телеканалына маек берип, айылда бир күндөн бери жарык жок экенин айтып даттанды. Дүкөн иштеткен Акматова жарык жок болгонуна байланыштуу муздаткычтагы азык-түлүктөр бузулуп кеткенин белгилеп, мындай абал дайыма болорун кошумчалады.

«Кичине эле шамал болсо өчөт. Тез-тез өчө берет. Токсонго таяп калган ата-энем, неберелер бар. Алар кантет? Акчасын убагында эле төлөп атабыз», — деди Акматова.

Ал эми нааразычылык билдирип чыккан тургундардын бири Абдумиталип Көчөров айылда эки күндөн бери жарык жок экенин айтып, электр энергиясы алдын ала эскертүүсүз өчүрүлүп жатканына нааразы болду.

«Эмне себептен өчкөнүн деле билбейбиз. Элге эскертүү деле берген жок. 1-майдан тарта тарифти көтөрүштү. 30 сом карыз болсоң шарт мамычага чыгат дагы, жарыкты кесип салат. Мыйзам карапайым элге эле иштейби? Эки күндөн бери жарыгы жок жатабыз. Өздөрүнүн милдетин аткарышпайбы?», — деди Медресе айылынын тургуну.

Ош электр тармактары ишканасынын жообу

Ал эми Ош электр тармактар ишканасы 8-июнда «Клоопко» үстүбүздөгү жылы май айынын башынан тарта адегенде 3 күндүк пландуу өчүрүүлөр болгонун, андан соң авариялык кырдаалдарга байланыштуу пландуу эмес өчүрүүлөр катталганын маалымдашты.

«Унаа электр мамычасын сүзүп авариялык өчүрүү болгон, аны алмаштырууга көбүрөөк убакыт керектелип үзгүлтүккө учураган. Кийин жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары алмашкан, андан соң бак-дарактар сынып түшүп, аба чубалгыларын үзгөн. Кийинки окуяда, маршрутка кечинде мамыны кулатып, эртеси күнү оңдолгон. Акыркысында аба-ырайы кескин өзгөрүп, катуу шамалдан улам кыска туташуу болуп, аба чубалгылары биригип калган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ишканадан аталган айыл өкмөттө акыркы бир айдын ичинде өчүрүүлөрдүн көп катталганына жогорудагыдай авариялык кырдаалдардын биринин артынан бири орун алганын кошумчалашты.

Ал эми Ош электр тармактар ишканасынын башкы инженери Орозмат Акимбеков буга чейин Медресе айылына жогорку чыңалуудагы жаңы линия тартылат деп билдирген.

Андан сырткары ал, электр тармактары боюнча Шарк айыл өкмөтүнө жоопкер адистин ишмердиги кайра караларын белгилеген. «Клооп» аталган окуяга баланыштуу адистин жоопкерчилиги тууралуу ишканадан комментарий алууга аракет кылып, бирок мындан майнап чыккан жок.

Кыргызстанда 1-майдан тарта тургундар үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, калк бир кВтчге бир сомдон төлөй баштаган. Тиешелүү токтомго 14-апрелде минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон бааны көтөрбөсө, 10-15 жылдан кийин өлкөдөгү энергетика тармагы «биротоло талкаланып, жок болуп кетет» деп билдирген.

Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн энергетика тармагындагы карызы 137 миллиард сомду түзөт. Ал электр энергиясынын өздүк наркынан төмөн саткандан чыккан айырма карыз болуп топтолуп жүргөнүн белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа кымбаттайт

Садыр Жапаров электр энергиясына болгон баанын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди