Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары жана депутат 25 миң сом пара талап кылып жатканда кармалышты. Бул тууралуу 7-июнда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер текшерүүлөрдү уюштуруу менен ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгуу менен коркутуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен акча талап кылышкан.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/06/photo1686228862.jpeg)
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/06/WhatsApp-Image-2023-06-07-at-15.18.02-1.jpeg)
Аталган факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр тергөө камак жайына 2 айга камалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Буга чейин, УКМК Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиевди жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешовду алдамчылыкка шектеп кармаган.
УКМК алар Базар-Коргондун мурдагы мэри Ильяс Төлөновдун «кайрадан кызматка келүүсүнө көмөктөшүүнү убадалап, президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алганын» кабарлаган.
Автору: Нагима Козуева