Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кирди

ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле 8-июнда президент Садыр Жапаровго манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Азуле сертификатты Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгы менен тапшырды. Жолугушууда президент менен ЮНЕСКОнун башкы директору климатын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Жапаров улуттук креативдүү индустрияны өнүктүрүүдө, биринчи кезекте Борбор Азияда технологияларды жана санариптик инновацияларды колдонуу боюнча аймактык демилгелердин алкагында ЮНЕСКОнун көмөгүнө үмүт артарын дагы айтты.

«Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үчилтиги адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин тизмесине 2013-жылы киргизилген.

«Манас» эпосунун жазылып алынган жалпы 35 варианты бар, алар өзүнүн толуктугу жагынан айырмаланып турат. Толук варианттарына манасчылар Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Шапак Ырысмендеев, Тоголок Молдо, Багыш Сазанов, Молдобасан Мусулманкулов, Ыбырайым Абдрахманов жана Мамбет Чокморовдон жазып алынган тексттер кирет.

Варианттардын көптүгүнө карабастан «Манас» эпосу бирдиктүү бир чыгарманы түзөт. Ал жалпы идеялык багыты, сюжеттик линиясы, тематикасы жана каармандарынын образдарынын бүтүндүгү менен бириктирилген.