Футбол: Кыргыз курамасы Ооганстандын командасын жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы

10-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» эл аралык мелдешинин тайпалык оюнунда Ооганстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Кыргызстандык футболчуларды колдоп оюнга президент Садыр Жапаров дагы келди.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эки тараптын тең оюнчулары активдүү ойноду, бирок эсеп ачылган жок.

Экинчи бөлүк да ошондой эле маанайда өтүп, оюн бүтөйүн деп калган 95-мүнөттө кыргызстандык Эринис Батырканов гол киргизди. Бирок ооганстандык спортчулар гол киргизүүдө кыргыз футболчусунун «колуна топ тийип калганын» айтып, нааразычылык билирип беттеш бүтө электе оюн талаасын таштап кетишти.

Кыргызстан менен Ооганстандын курама командаларынын беттеши Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» мелдешинин  алгачкы оюну болуп калды.

Ошондой эле бул Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына Штефан Таркович башкы машыктыруучу болуп дайындалгандан берки алгачкы беттеш.

«Улуттар Кубогу-2023»

«Улуттар Кубогу-2023» (CAFA NATIONS CUP-2023) — Борбор Азиялык өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлчү футболдук мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Беттеш тайпалар ичинде бир айлампа менен өткөрүлөт. Эки тайпанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду ээлегендер үчүнчү орунга ат салышат.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия футбол ассоциациясынын турниринин тайпалык баскычы үчүн чүчүкулак уюштурулуп, жети команда эки тайпага бөлүнгөн.

«А» тайпасына Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары кирген. «В» тайпасында Кыргызстан, Ооганстан, Иран курамалары ат салышат. 

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте, ал эми «А» тайпасынын оюндары жана финалдык беттеш Ташкен шаарында өтөт.