Видео: Жапаров менен Ташиевдин кыргыз футболчуларын колдогону

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Ооганстандын курамаларынын футболдук беттешин көргөнү барды.

Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган видеодон оюндун акыркы мүнөтүндө кыргызстандык Эринис Батырканов гол киргизгенде Жапаров ордунан тура калып кол чаап, Ташиев менен кол алышып кучакташканын көрүүгө болот.

Кыргызстан менен Ооганстандын курама командаларынын беттеши Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» мелдешинин алгачкы оюну болуп калды. Анда кыргыз курамасы ооганстандык спортчуларды 1:0 эсебинде жеңди.

Ошондой эле бул Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына Штефан Таркович башкы машыктыруучу болуп дайындалгандан берки алгачкы беттеш болду. 16-июнда Кыргызстан Ирандын улуттук курамасы менен беттешет.

«Улуттар Кубогу-2023»

«Улуттар Кубогу-2023» (CAFA NATIONS CUP-2023) — Борбор Азиялык өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлчү футболдук мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Беттеш тайпалар ичинде бир айлампа менен өткөрүлөт. Эки тайпанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду ээлегендер үчүнчү орунга ат салышат.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия футбол ассоциациясынын турниринин тайпалык баскычы үчүн чүчүкулак уюштурулуп, жети команда эки тайпага бөлүнгөн.

«А» тайпасына Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары кирген. «В» тайпасында Кыргызстан, Ооганстан, Иран курамалары ат салышат. 

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте, ал эми «А» тайпасынын оюндары жана финалдык беттеш Ташкен шаарында өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Футбол: Кыргыз курамасы Ооганстандын командасын жеңди