Казакстандагы ири өрт: 12-июнь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Сүрөт: Берик Уэли.

Казакстандын Абай облусундагы «Семей Орманы» коругунда чыккан ири өрттө 14 адам каза тапты. Буга байланыштуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 12-июнду улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады

Абай облусундагы өрт 8-июнда башталган. Каза болгондор «Семей Орманы» коругунун жумушчулары. Тилсиз жоонун кесепетинен 316 адам коопсуз жайга көчүрүлдү. 

Акыркы маалыматка ылайык, өрт 60 миң гектар аянтка жайылган, аны өчүрүүгө 300 техника, 1500гө жакын адам жана 11 тик учак тартылды. 11-июнда Токаев өрт чыккан жерге барып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал кырсык тиешеси барлар жоопко тартылат деп ишендирди.

Казакстандын прокуратурасы Абай облусундагы өрт боюнча «Өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу менен кокустуктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү» беренеси менен териштирүү иштерин баштады.

Токаев «аймактагы ири өрт учурунда ишке шалаакы мамиле жасаганы үчүн» өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильинди иштен алып, ордуна Жарандык коргонуу академиясын жетектеген Сырым Шарипхановду дайындады.

11-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак президенти Токаевге өрттүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деди ал.