Бишкек: Германияга жумушка жиберүүнү убадалап, тургундарды алдаган шектүүлөр кармалды

Шектүүлөр. Сүрт: Ленин РИИБи

Бишкектин Ленин райондук милициясы Германияга жумушка орноштурууну убадалап, тургундарды алдап жүргөн эки шектүүнү кармады. Бул тууралуу 13-июнда райондук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2-июнда милицияга бир жабырлануучу кайрылган. Ал Шота Руставели көчөсүндөгү кеңселердин биринде иштегендер аны «чет өлкөгө ишке орношууга жардам берем» деп 10 миң сом алып, алдап кетишкенин айткан.

Ленин РИИБи бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 21 жана 26 жаштагы эки кишини кармады. Алардын бири соттун чечими менен 25-июлга дейре камакка алынды. Ал эми экинчиси үй камагына чыкты. 

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр өлкөнүн түштүгүнө да мыйзамсыз иш алып барган бөлүм ачканы белгилүү болду. Алар түзгөн эки бөлүмдө тең Германияга ишке жиберүү боюнча расмий документтер жок экени аныкталды. 

Ал эми милицияга шектүүлөрдүн кылмыштуу аракетинен жабыркаган 130 киши азыр менен кайрылганы айтылды. Учурда тергөө ишетри жүрүүдө. 

Чет өлкөгө ишке жиберүүнү убадалап, тургундарды алдап кеткен учурлар буга чейин да катталган. Өткөн жылы ИИМ Улуу Британияга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө ишке орноштурууну убадалап, жалган маалымат тараткандар бар экенин билдирген.

ИИМ мыйзамсыз миграция уюштурууга бөгөт коюу максатында тургундардан мыйзамсыз ишке жиберүүнү убадалагандар болсо (0312) 26-61-70, 26-61-65 номерине чалууга жана Чет өлкөгө ишке орноштуруу борборуна (1899 же 102 номерине) кайрылууну өтүнгөн.