Чек ара кызматы: Баткенде каза тапкан 37 чек арачынын жакындарына кенемте төлөндү

Өткөн жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү. Бул тууралу 13-июнда УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, куралдуу жаңжалда каза болгон 42 аскердин 37синин жакындарына кенемте төлөндү. Калган беш аскердин үй-бүлөсү кенемте алуу үчүн керектүү документтерди даярдашууда.

Бирок Чек ара кызматынан курман болгон аскерлерге канча сомдон кенемте төлөнгөнүн «жашыруун маалымат» деген жүйө менен ачыкташкан жок. Шаршеев каза тапкан аскерлердин жакындарына үй берилгенин айтты.

Ошондой эле Чек ара кызматынын башчысы жаңжал учурунда жарадар болгон 10 аскердин башкасына кенемте төлөнгөнүн билдирди. Ал эми 10 аскерге кенемте берилбегенин алардын «жеңил жаракат алганы менен» түшүндүрдү.

Ал эми президент Садыр Жапаров жеңил жаракат алгандарга бюджеттен кенемте каралбаса, башка булактардан таап берүү керектигин айтты.

Буга чейин Баткенде каза тапкан чек арачынын жакындары аларга убадаланган үйдүн маселеси чечилбей жатканын айтып чыккан. Ал эми Чек ара кызматы маселеден кабардар экенин айтып, маселени чечип берүү боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. 

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Автору: Айжамал Бексултанова

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде каза тапкан чек арачынын жакындары үй берилбей жатканын айтышууда