Садыр Жапаров: Дүйнөдөгү коркунучтардын маалында өлкөнүн коргонуу жөндөмүн жогорулатуу керек

Президент Садыр Жапаров «дүйнөдө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтартын маалында» өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу керектигин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

«Сиздер билгендей, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң күч жумшап, бир топ иштерди жүзөгө ашырып жатабыз. Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек арабызды жана биздин жарандарыбызды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды сатып алдык. Бул бир гана “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттар эмес, башкалары дагы бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан, азырынча Борбор Азияда андай аналогдору жок курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык. ӨКМ үчүн “Аэробус” үлгүсүндөгү эки жаңы тик учак алдык, Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык оңдоодон өтүп, андан тышкары, жаңы Ми-17В-5 тик учагы сатып алынып, кошумча дагы Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактарын сатып алуу алдында турабыз. Мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган “Печора” модернизацияланган мобилдүү зениттик ракеталык комплекс сатып алынды», — деди ал.

Жапаров Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө жана кайсыл бир башка «өлкөгө кол салуу максатын көздөбөсүн, андай ниети да жоктугун» билдирди. Бирок президент өлкө «Кыргызстанга куралдуу агрессия көрсөткөндөгө тиешелүү жооп кайтарарын» баса белгиледи.