Бишкек: Таштанды челектерден акыр-чикирди ташып кеткендер үчүн кылмыш жазасы киргизилет

Калаа бийлиги жакын арада контейнерлерден таштандыларды ташып кетүүгө тыюу салууну көздөйт. Бул тууралуу 13-июнда калаа мэриясынын Өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча агенттигинин директору Курманбек Молдокулов Sputnik Кыргызстандын басма сөз борборунда билдирди.

Анын айтымында, быйыл күзүндө таштандыны кайра иштетип чыгуучу заводдун курулушу башталат.

«Мындан улам таштанды товар болушу керек. Таштанды челектин ичиндегинин баары муниципалитеттин менчиги болуп саналат, демек, эч кимдин алып кетүүгө акысы жок. Таштанды заводго жетиши үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте таштанды тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизебиз. Мыйзам бузгандарга административдик чаралар көрүлөт жана кылмыз жазасына тартылат», — деп келтирди Молдокуловдун айткандарын Sputnik басылмасы.

Молдокулов инвесторлор жаңы челектерди коюуну, аны менен кошо жанына байкоо камераларын дагы орнотууну сунуштап жатышканын кошумчалады. Алар челектерге таштанды толгондо белги бере турган датчиктерди дагы коюуну сунушташкан.

Ар башка маалыматтарга ылайык, Бишкекте күн сайын 870тен 1000 тоннага чейин таштанды чогултулат. Жарымынан көбү — саргайган жалбырак, чабылган чөп сыяктуу табигый таштандыдан турган органикалык жана тамак-аштын калдыктары — жашылча-жемиштин кабыгы, мал-жандыктарынан алынган азыктар.