Kaktus: Орусияга кулчулукка сатылып кеткен кыз мекенине кайтып келди

Иллюстративдик сүрөт.

Орусияга кулчулукка сатылып кеткен 29 жаштагы кыргызстандык айым мекенине кайтарылды. Бул тууралуу 14-июнда жабырлануучунун агасына таянып Kaktus.media басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Орусияга бир аял жогору айлык төлөнчү ишке орноштурууну убадалаганы үчүн барган. Бирок тосуп алгандар кыздын «паспортун алып коюп, сабап, акчасын төлөбөй мажбурлап иштетишкен».

«Кыз Кыргызстандагы инисине телефон чалып, анын качуусуна баланын достору жардам берген. Эч кандай документтери жок болгондуктан, кызды жөнөткөн бишкектик аял аны Орусиядагы иш берүүчүлөрдүн 60 миң рубль акчасын уурдаган деп айыптап, коркута баштаган», — деп айтылат маалыматта. 

Жабырлануучунун жакындары ИИМге кайрылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана ИИМдин өкүлчүлүгү окуяны териштирип, кыздын өлкөгө кайтып келүүсүнө көмөктөшкөн. Аны агасы 14-июнда «Манас» аэропортунан тосуп алды.

Ал эми Бишкектин Октябрь райондук милициясынан бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын маалымдашты. Учурда жабырлануучу тараптын арызы каралууда.

Буга чейин «МедиаХаб» Түркияда сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен аял тууралуу видео жарыялаган. Анда эки баланын энеси аны үстүбүздөгү жылы Түркияга «улгайган аялды багасың, жакшы акча табасың» деп жумушка чакырган аял сатып жибергенин айткан. Ал Түркияда кулчулукка кабылган кыргызстандык башка да кыздар бар экенин белгилеген.

Жабырлануучу Кыргызстанга кайтып келгенден кийин милицияга кайрылган. Анын айтымында, милиция кызматкерлери жабырлануучунун арызын албай, «сатылып кеткениңди далилдей албайсың» деп мазакташкан.

Аялдын жактоочусу Рахмотулло Юсупов бул боюнча милиция эч кандай иш козгобогонун белгилеп, Кара-Суу райондук прокуратурасына кайрылганын билдирген. Азыр алар прокуратуранын жообун күтүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Казакстанда 32 жыл кулчулукта кармалган тургун кайтып келди