Жалал-Абад: Казакстанда 32 жыл кулчулукта кармалган тургун кайтып келди

Жалал-Абад шаарында Казакстанда 32 жыл кулчулукта кармалган Номанжан Саматов кичи мекенине кайтып келди. Бул тууралуу 16-мартта «Турмуш» басылмасы репортаж жарыялады.

Маалыматка караганда, Саматов 1990-жылы жумуш издеп Казакстанга барып, паспортун алдырып койгон. Мындан улам мекенине кайта албай жүргөн.

«Ошол учурда Кыргызстандан мени менен бирге 60тан ашык адам кеткен. Баарыбыз Астана шаары менен Көкшетау шаарынын аралыгындагы айылга барып жайгаштык. [...] Биз барганда эле баарыбыздын документтерибизди алып, көз алдыбызда эле өрттөп салышты. Мен ашканада иштеп жүрдүм, калган кыргыздар тигүүчү болуп иштешчү. Биз менен бирге барган өзбек, тажик улутундагылар наабайканада иштеп жүрүшчү. Колубузда документибиз жок үчүн эч жакка кете албай, айлык алмак тургай, курсагыбыз ток жүргөнүнө кубанчубуз», — деди ал.

Саматов качууга бир нече ирет аракет кылып, ал тургай күзөтчүнүн куралынан «бутуна ок жегенин» айтты. Ал эми 2022-жылы Кыргызстандын элчилигинин көмөгү менен өлкөгө кайтып келген.

«Бул жакка келгенимде бир туугандарым Россияда жашап жатышыпыр, ата-энем каза болуп калган экен. Паспорт алуу үчүн калкты тейлөө борборуна кайрылдым, бирок жооп жок. Ал арада кайрымдуу кишилердин көмөгү менен калаадагы конок үйлөрүнүн биринде жашап жатам. Шаардык мэрияга да турак жай сурап кайрылдым, бирок жарандык жок үчүн азырынча бере алышпайт экен», — дейт ал.

Ал эми Жалал-Абад мэриясынан «Клоопко» учурда Саматовду жарандыкка алуу үчүн документтер даярдалып жатканын билдиришти.

Видео: «Турмуш»

2020-жылы Казакстанда 25 жыл эмгек кулчулугунда жүргөн кыргызстандык Элмира Корчиева мекенине кайтып келген. Алгач Корчиеванын уулу Кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылган. Уюм архивден Корчиева тууралуу маалыматтарды таап, документтерин жасап берген.

Андан кийин Казакстандагы кыргыз диаспорасы менен Алматыдагы башкы консулдуктун көмөгү менен Корчиева документтерди алып чек арадан өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казакстанда 25 жыл кулчулукта жүргөн кыргызстандык аял мекенине кайтты