Жапаров Ысык-Көлдүн жээгине тосмолорду курууга тыюу салган жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров 14-июнда Ысык-Көл облусунун тургундарынын көл жээктерине тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу жөнүндөгү 2022-жылдын май айындагы жарлыгына өзгөртүү киргизген жарлыкка кол койду. 

Жаңы түзөтүүдө мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолорду (дубалдарды, торлорду, темир тосмолорду) бузууну, ошондой эле мындан ары жаңысын курууга тыюу салууну тапшырды.

2022-жылы чыккан жарлыкта президент Ысык-Көлдүн жээгиндеги адамдардын эркин кирип-чыгуусуна тоскоол болгон, ачык эшиги жок тосмолорду алып салууну тапшырган болчу. Жаңы кирген өзгөртүүлөрдө «эшиги жок тосмолор»  деген сөз чийилди.  

Уюштуруу иштерин президент Министрлер кабинетине жүктөдү. 

2022-жылы президент өзүнүн жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундары пляж аймактарына акысыз кире алат деп билдирген. Анда мындай чечим жергиликтүү тургундардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынганы айтылган. 

14-июнда Жапаров кыргызстандыктарды экологияга аяр мамиле жасоого жана таштандыларын жыйнап кетип турууга чакырды, ошол эле Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларында. 

Анын айтымында, суучулдар 4 айда Ысык-Көлдүн түбүнөн 96 миң метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштанды чыгарышкан.