Бишкекте «Би-2» тобунун концерти өтпөй калды, себеби белгисиз

Бишкекте «Би-2» рок-тобунун концерти өтпөй калды. Музыканттар концертин 18-июнда Спорт сарайында өткөрүшмөк. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучусу Vi project kg Инстаграмдагы барагында билдирди.


Би-2нын концерти болбой калганы жөнүндө пост

Концерт болбой калганы тууралуу постто уюштуруучулар иш-чара өздөрүнө да белгисиз себептерден улам токтотулганын жазышты. Алар сатып алуучуларга билеттерин кайтарып берүүнү дагы убадалашты.

«Ошондой эле биздин топ мындан ары Vi project kz менен иштешпейт, себеби алардын кызматташуу шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет. Биз тараптан чоң иш жасалгандыктан, дагы бир ирет кечирим сурайбыз», — деп жазышты алар.

Концерттин уюштуруучулары мындан башка маалымат беришкен жок, бирок концерт өтпөй калганы тууралуу билдирүүдөн кийин Vi project kg’нин сторизинде «салык иштеринде чынчыл иштеген жакшы» деп жазышкан.

«Би-2» — 2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салганындыктан Орусиядан чыгып кеткен орус-беларус рок-тобу. Ал «Колыбельная» чыгармасына согушка каршы клип тартып чыгаргандан кийин Орусиядан чыгып кеткен.

Анткен менен Бишкектеги концерттин уюштуруучулары иш-чара топтун согушка каршы позициясынан же кимдир бирөө басымынан улам токтотулганын айтышкан жок.

«Би-2» өзү да бул материал жарык көрүп жатканда Бишкектеги концерттин өтпөй калышына эмне себеп болгонун айткан жок.

Буга чейин кыргыз күч түзүмдөрүнүн басымынан улам орусиялык «Порнофильмы» тобунун Бишкектеги концерти өтпөй калган. Алар концерт өтмөк болгон клубга «күч кызматкерлери коркутуп келгенин» билдиришкен. Алардын айтымында, концерттик топ иш-чараны өткөрүү үчүн башка жайларды издеп көргөн, бирок алардын баарына дагы «концертти өткөрүүгө эч ким жол бербеши керек деген эскертүү берилген».

Тема боюнча окуңуз: Жапаров менен Путин кыргыз-орус мамилесин мындан ары да бекемдөөнү макулдашышты