УКМК: Кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн канал бөгөттөлдү

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында мыйзамсыз кесип өтүлүүчү канал аныкталып, бөгөттөлдү. Бул тууралуу 14-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттик чек арадан Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Бангладештин 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалган.

Ошол эле учурда чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча шектүү жарандарга көмөктөшүп, ортомчулук кызматты аткарган Өзбекстандын 29 жаштагы жараны камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Буга чейин, 5-июнда Баткен облусунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет өлкөлүк үч киши кармалган. Колго түшкөн 52, 27 жана 23 жаштагы жарандар «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет өлкөлүк 3 киши кармалды