Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет өлкөлүк 3 киши кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Баткен ОИИБ

Баткен облусунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет өлкөлүк үч киши кармалды. Бул тууралуу 5-июнда «Клоопко» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында колго түшкөн 52, 27 жана 23 жаштагы жарандар «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланып жатат.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 19-апрелде, Ош шаарында «Тавхид ва жихад катибаси» террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар деп шектелип Өзбекстандын эки жараны кармалышкан.

Анда укук коргоо органдары кармалгандар кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүн маалымдаган.

Автору: Каныкей Келдибек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ошто чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эл аралык террордук уюмга тиешеси бар жарандар кармалды